super.kg logo

Бишкек-Новосибирск багыты боюнча учуп бара жаткан учакта жубайлар жаңжал чыгарышты

 

Орусиянын Транспорт полициясы Новосибирсктин "Толмачево" аэропортунан Бишкектен учуп келе жаткан учакта жаңжал чыгарган жубайларды кармады. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, авиакомпаниянын өкүлдөрүнөн полиция бөлүмүнө Бишкектен Новосибирскке учуп келе жаткан учакка полиция кызматкерлери керек деген билдирүү келип түшкөн.

"Окуя болгон жерге келген Транспорттук полиция кызматкерлери бизнес-класс учагында спирт ичимдиктерин ичип, жүргүнчүлөрдүн тынчын алган аял менен эркекти кармашкан. Ошол учурда кармалгандар орой сөздөрдү айтып, экипаждын токтотуу талабына эч кандай реакция жасашкан эмес. Эркекти кармоо учурунда анын аялы полиция кызматкерин уруп жиберген", - деген Орусия ИИМинин расмий өкүлү Ирина Волк.

Кармалган жарандарга карата бир нече административдик протоколдор түзүлгөн. Алар Новосибирск шаарынын тургундары экени белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
09.12.2021. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы кыргыз жарандары эмес экен.
orun түзөттү 2021-12-09 11:29:04
09.12.2021. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Толмачево аэропортунан Бишкектен учуп келе жаткан?
09.12.2021. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашпаааай окусаң түшүнөсүң. Толмачево аэропортунан кармаптыр Бишкектен учуп келе жаткан жубайларды. Эми түшүнүктүү болду го дейм.
09.12.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad9,утур белгисин койбой койгон турбайбы аэропортунан дегенден кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: