super.kg logo

Сокулукта кыз зордуктоого шектүүнүн чоң энеси: "Неберемди актабайм, күнөө кылса жазасын алсын"

 

Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жарандын чоң апасы Булбүбү Сарбашева окуя тууралуу үн катты. Айтымында, айылда он чакты киши гана коркутуп, көчүрүп жатат.

"Мен шектүү баланын чоң апасы болом. Үйдө балам, келиним, неберем, келинчеги жана 4 баласы болуп чогуу жашачубуз. Менин 40тай небере-чөбөрөм бар. Эми үйү жок талаада калдык. Неберем жазасы үчүн түрмөдө жатат, ал кылмыш кылса бизде эмне күнөө? Чиедей неберелерим мектепке барбай калды. Айылдын аксакалдары дагы укпай жатат. Укук коргоо органдары бизди кайтарып турат. Менин балам күнөө кылып коюптур, эл-журттан кечирим сурайбыз. Биз балабызды актаган жокпуз. Балабыз өз жазасын тартсын деп жатабыз. Келинчеги бар. Аларды каякка алып барып жан сактайбыз? Кыш кыроодо ушинтип көчүрүп жатышат. Элден коркуп турабыз. Өзүбүздүн жерге батпай калдык.

Баламды чыгарып деле берейин, кааласаңар өлтүргүлө дедик. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек, ар ким ар кандай деп жатат. Ушул үйдү ак эмгеги менен салган. Бир кирпичтен баштап өзү жасаган. Ал эми аксакалдар соту жаш, кызуу кандуу балдардан коркуп жатат. Өзүнчө жаштар коому уюшулуп алып эле айыл өкмөткө дагы баш ийишпейт экен. Кана мыйзам? Атасына баласы жооп бербейт да. Бала кылмыш кылды, эмне кылат өздөрү билет. Ата-энеде эмне күнөө", - деди шектүүнүн чоң апасы.

Буга чейин шектүүнүн туугандары айылдан көчүп кеткенин SUPER.KG порталына айыл тургундарынын бири билдирген. Көп өтпөй эле порталыбызга шектүүнүн жакын тууганы үй-бүлө Бишкекке көчүп келгендигин айткан.

7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.

Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.






Сокулукта кыз зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
09.12.2021. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Айылдын эли караңгы экен. Дагы деле илгерки менталитет менен калптанып калыптыр кыргыздар. Күнөөнү ким кылса, ошол өзүн гана жооп берет мыйзамдын алдында. Башка үй бүлөө мүчөлөрүндө эмне күнөөсү бар экен. Мындай көрүнүштөр өнөкөт адатка айланбаш керек. Ошол коркутуп жаткан айыл тургундарын өзүн караш керек.
09.12.2021. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
alimbek94,сени зордуктабаптыр ошондо билет элең
09.12.2021. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Башкаларга сабак болсо экен. Экинчи башка бирөө ушундай иш кылаарда ойлонсун.
09.12.2021. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Баласы учун ата-эне азап тартты сууктун кунундо,эшектин аялы бар экен,аялын каалашынча зордуктай бербептир,торт баласын ойлобогон акмак.
Gulina00 түзөттү 2021-12-09 14:34:04
09.12.2021. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Көчүп кетсеңер өзүңөргө деле жакшыбы дейм да, тынч жашайсыңар. Бул жерде өмүр бою баш көтөрө албай өтүп кеткенден көрө кетип эле калган дурус го, балдарыңарга да.
09.12.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз Кыргызга эле кыйын .Зордуктап эмне кылат ? И беркилерди кышында кууп эмне кылат ? Таш доорунда жашап жатабыз , аны моюнга алышыбыз керек .Жок дегенде аксакалдар Жазга чейин убакыт берсе болмок .Айылдын зокурлору ото эле ашыкча чынында .Законду терен ойлонуш билбейт .Кызуу кандуулука коп алдырышат .аларга закон кызыктырбай
09.12.2021. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эне бечарага эле жабыр да. Чиедей балдары кайда барат. Тигил акмакты актабайм, жазасын алсын!!! Үй-бүлөөсүндө эмне күнөө аларды куубаш керек эле.
09.12.2021. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көчүп кеткиле. Эл силер менен чогуу жашагысы келген жок. Себеби атасы дагы, бир туугандары дагы ушундай иштерге барышкан турбайбы. Элдин акысы бар баарыңарды көчүрүп жибергенге.
10.12.2021. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Далбич ойлонбой кылган ишинен жакындары азап чегип жатат, ушундан көрө өлүп эле албайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: