super.kg logo
  Саясат  

БШК: "Бир мандаттуу шайлоо округдардан 5 пайыздан жогору добуш алгандарга күрөө кайтарылып берилет"

 

Борбордук шайлоо комиссиясынын көзөмөл-текшерүү тобу парламенттик шайлоого катышкан бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо күрөөлөрүн жарыялады. Бул тууралуу аталган комиссиядан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, шайлоочулардын 5 пайыздан кем эмес добушун алгандар жана шайлоодон кийин Борбордук шайлоо комиссиясына добуш берүүнүн көлөмү жана бардык булактары жөнүндө отчёт бергенден кийин гана шайлоочулардын добушун алгандар такталган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен талапкерлерге кайтарылып бериле турган шайлоо күрөөлөрүнүн жалпы суммасы 16 миллион 600 миң сомду түзөт. Калган 11 миллион 600 миң сому мыйзам ченемдерине ылайык, республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 282 талапкер катышып, алар БШКнын депозиттик эсебине 100 миң сом салып, анын жалпы суммасы 28 миллион 200 миң сомду түздү.Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кеминде беш пайызын алган талапкерлердин саны 155 адам болду. №27 Биринчи Май шайлоо округунда жана №29 Свердлов шайлоо округунда "баарына каршы" деген сап көбүрөөк добуш алган (32,98 пайыз жана 37,51 пайыз), ошондуктан бул шайлоо округдары боюнча шайлоо жарыяланышы керек.

Жыйынтыгы жараксыз деп табылган бир мандаттуу эки шайлоо округу боюнча шайлоого катышкан талапкерлердин саны 11 адамды түздү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: