Кеминде айдоочу рулга ээ боло албай тосмону сүзүп, унаадан өрт чыкты. 35 жаштагы аял күйүк алды



Чүй облусунун Кемин районунда айдоочу рулга ээ боло албай тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен унаа күйүп кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, бүгүн, 9-декабрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Ауди С4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдун тосмосун сүзүп, унаадан өрт чыкты. Жерине өрт өчүрүүчү 1 бөлүм барып, саат 10:05те толук өчүрүштү.
Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган О.Т. аттуу аял киши денесинен күйүк алганын маалымдашат министрликтин маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.