super.kg logo

Исфана шаарында 32 жаштагы келин уурулукка шектелүүдө. Ал дүкөндөрдөн күнүмдүк буюмдарды алып жүргөн

 
Баткен облусунун Исфана шаарында дүкөндөгү күрмөнүн уурдалышына 32 жаштагы келин шектелип кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, шектүүнүн мындан башка дагы уурулук фактысына катыштыгы бар.
"Исфана шаарында "Мадина" дүкөнүндө сатыкта турган (баасы 3 миң сом) күрмөнү белгисиз бирөө уурдап кеткендигин айтып дүкөн ээси арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине уурулук беренеси менен катталып, өндүрүшкө алынган. Териштирүүнүн жүрүшүндө 32 жаштагы Э.З. аттуу аял кармалды. Анын жанынан дүкөндөн жоголгон күрмө табылган. Ошондой эле шектүү мындан башка дагы 2 дүкөндөн күндөлүк турмушта керектелүүчү буюмдарды уурдап жүргөндүгү белгилүү болду.
Азыркы учурда уурдалган буюмдар өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.12.2021. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биз эркектер күнөөлүүбүз,аялдарыбыз үйдө балдарга тарбия берип олтуруш керек,,,, келин балдарын багам деп уурулукка барса керек...
09.12.2021. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirlanpiter,деген менен эчтеке озгорбойт.Жоопкерчилик жок эркектерде
10.12.2021. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JaneEr, Өзгөрбөйт деп олтура бербей,ар бир үйдө жоопкерчилик тууралуу балдарыбызга түшүнүктүү кылып айтуу керек,биз кыргыздар балдарыбызды аяп 18 ге чыгып калса деле кесип үйрөнүүгө шарт түзүп бербейт экенбиз...качан үйлөнгөндөн кийин бар эми тирилик кыла бер деп чыгарып койот ,эч нерседен кем кылбай өскөн жигит эмне кылаарын билбейт анан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: