super.kg logo

РСК Банктын финансылык кызматтарын санариптештирүү

 

«РСК Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу документтерди чогултуп-топтоонун заманбап технологиясын ишке киргизди. Мындан ары финансылык кызматтарды көрсөтүүдө банк кардар үчүн бардык керектүү маалымкаттарды Face ID системасы аркылуу чогулта алат, атап айтканда беттин геометриясы боюнча. Бул «Мамлекет платформа катары» платформалык чечиминин негизинде Cанариптик өнүктүрүү министрлигинин IGov Концепциясынын (Innovative government – инновациялык өкмөттүн модели) алкагында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен өнөктөштүктүн аркасында мүмкүн болду.

Кызматты алуу үчүн «РСК Банктын» бөлүмүнө паспорт менен кайрылуу зарыл. Адис-оператор кардардын биометрикалык маалыматтарын жазып толтуруу менен «Түндүк» жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн ачат. Мында ал өзү керектүү маалымкаттарды тандап, документтерди чогултуу процессин көзөмөлгө алат. Бардык чогултуу иши 10-15 мүнөттөн ашпайт.

- Мындай кызмат көрсөтүү кыргызстандыктар үчүн банктык кызматтарды алууда эң сонун чечим болуп саналат. Эгерде, кардарлар мурда тиешелүү документ-кагаздарды топтоодо ар кандай мекемелерге барууга мажбур болгон болсо, эми ушул ишти банктан эле дароо бүткөрүп алууга болот, - дейт «РСК Банк» ААК Башкармасынын төрагасы Азизбек Оморкулов.

«Түндүк» системасы аркылуу “РСК Банк” Санариптик өнүктүрүү министрлигинен, Мамлекеттик мекемеси “Кадастр”, Социалдык фонддон, Бажы жана салык кызматынан, Юстиция министрлигинен, Экономика министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинен жана башка уюмдардан документтерди бере ала тургандыгын белгилей кетебиз.

«РСК Банк» ААК кардарлардын жашоо-тиричилигин жеңилдетүү үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана заманбап технологияларды колдонуу алкагындагы ишти тиешелүү деңгээлде мындан ары да уланта берет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: