super.kg logo

"Пекин-2022": Эл аралык Олимпиада комитети Кытайга бойкот жарыялаган өлкөлөр боюнча билдирүү жасады

 

Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК) президенти Томас Бах АКШ, Австралия, Улуу Британия жана Канаданын Пекинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялоосуна реакция жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Томас Бах Олимпиада оюндарына аткаминерлер эмес, спортчулардын катышуусу маанилүү экенин баса белгилеген.

"Мамлекеттик чиновниктердин катышуусу ар бир өкмөттүн таза саясий чечими. Ал эми биз спортчуларды Олимпиадада жылуу тосуп алабыз", - деген Бах.

2021-жылдын февралында тибет, уйгурлардын, ички монголдордун, гонконгдук жана башка өкүлдөрдөн чогулган 180 укук коргоочу уюмдан турган коалиция Кытайдын баш калаасында өтө турган Олимпиадага бойкот жарыялоого чакырган. Ошондой эле ушундай эле сунушту Канада менен Норвегиянын саясатчылары дагы киргизишкен.

Эскерте кетсек, 6-декабрда АКШ расмий өкүлдөрүн Олимпиадага жөнөтүүдөн баш тартканы белгилүү болгон. АКШ буга себеп катары Кытайдагы адам укуктарынын бузулушун айткан. 8-декабрда АКШнын катарына Австралия дагы кошулган. Бүгүн, 9-декабрда алардын катарына Улуу Британия менен Канада кошулган.

XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөт. Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан азырынча бир гана спортчу жолдомо утту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.12.2021. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дипломаттар келсе жеп ичип кетет да,олимпиада спортчулардын оюну.
09.12.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура кылат, эч ким барбай койсун.
10.12.2021. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз Байтеректи жиберебиз.Озу барып жайлап келет баарын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: