super.kg logo
  Спорт  

Күрөш тарыхындагы супер тиреш: Абдулрашид Садулаев Кайл Снайдерди өз үйүндө коноктоду (видео)

 

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону Абдулрашид Садулаев өзүнүн салмагындагы дагы бир мыкты делген америкалык балбан Кайл Снайдерди өз өлкөсүнө чакырып, үйүндө коноктоду.

Абдулрашид Садулаев Кайл Снайдерди алгач Москва шаарынан тосуп алып, андан кийин Дагестанга алып барган. Ал балбанды өзү төрөлүп чоңойгон Дагестандын Чародин районунун Гилиб айылындагы үйүнө алып барып коноктогон.

Садулаев-Снайдер бул күрөш тарыхындагы супер тирешүү. Бири-бирине бардык жагынан төп келген бул эки балбан ар дайым дүйнөлүк турнирлердин финалында кез келет.

Биринчи жолу эки балбан 2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында кез келген. Анда америкалык балбан Садулаевди 6:5 эсеби менен утуп алган. Бир жылдан кийин, тагыраагы, 2018-жылы Будапешт шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда эки балбан кайрадан финалда кез келип, Садулаев атаандашынын далысын жерге таза басып жеңишке жеткен.

Быйыл Токио шаарында өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын финалында дагы эки балбан кез келип, анда дагы Садулаев жеңишке жеткен. Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында дагы экөө кез келип, 6:0 эсебинде Садулаев жеңишке жетти.

Бул эки балбандын тиреши күрөш тарыхындагы мыкты тирештердин бири.






Абдулрашид Садулаев Кайл Снайдерди коноктоду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.12.2021. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа,экоо тен ото кучтуу борецтер.Садуллаев бир жолу ушул американецке утулган,калганын баарын женип келе жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: