super.kg logo

Таласта жолдошун балта менен чаап өлтүрүп алган 27 жаштагы келинге сот чечим чыгарды

 

Талас облусунун Кара-Буура райондук соту адам өлтүргөнгө айыпталып жаткан жаранды 10 жылга эркинен ажыратуу жана 130 миң сом айып пул салуу чечимин кабыл алды. Чечимди Жогорку Сот расмий сайтына жарыялады.

Анда айыпталуучу М.Х. 1994-жылы туулган. Талас облусунун Манас районунун тургуну. Билими орто. Мурда соттолгон эмес. Эч жерде иштебейт.

Окуя 2021-жылдын 30-январь күнү кечинде болгон. Анда айыпталуучу М.Х. өзү жашаган үйүндө жолдошу менен өз ара чатакташа кетешип, үйдүн кире бериш жеринде диванда жаткан жолдошун баш жана бет тарабына балта менен бир нече жолу уруп жаракат келтирген. Натыйжада жолдошу каза болуп калган.

Ошондой эле айыпталуучу жакын таанышына телефон чалып чакырып, ага кылмыштын изин жашырганга жардам бер деп суранып, каза болгон жолдошунун сөөгүн турак үйдөн сыртка чыгарып, мал сарайдын жанына таштап коюшкан.

Маркумдун аялынын көрсөтмөсү:

"30-январда болжол менен саат 18:30дар чамасында маркум жолдошу тамактанууга тууганы Ч.Р. менен келишкен. Жолдошу кечинде 23:00 чамаларында өкүл атасынын үйүнөн келип, аялын тууганынан кызганып, уруш чыгарат. Бетке, ийинине уруп, андан кийин башына тебет. Мындан улам аялы балдары менен башка бөлмөгө жатып алган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин кандайдыр бир үндөрдү угуп кире бериш бөлмөгө маркумдун аялы чыгат. Анда жолдошунун тууганы Ч.Р.нын колуна балта кармап турганын, аны көрүп чочуп кеткен. Ал жолдошун балта менен баш тарабына чаап салган. Андан кийин аялга Ч.Р. балтаны карматып, жолдошунун бет жана баш тарабына балта менен чапкылатып, эгерде үнүн чыгарса балдарын да балталап салам деп коркуткан", - деп айтылат соттук чечимде.

Маркумдун тууганынын көрсөтмөсү:

"Маркумдун тууганы Ч.Р. көрсөтмөсүндө күнөөсүн моюнуна алган. Ал 2021-жылы 29-январда болжол менен саат 12:30 чамаларында маркумдун аялы М.Х. телефон аркылуу сүйлөшүп үйүнө тез келүүсүн айтып чакырган. Ал барган учурда М.Х. колуна балта кармап жолдошу жаткан дивандын жанында турганын, жолдошу диванда жатып, анын бут жагына чейин шейшеп менен жаап койгон. М.Х. ага жолдошун сыртка чыгарууга жардам беришин айтып, болбосо аны да балталап саларын айткан. М.Х.нын көрсөтүүсү менен маркумдун денесин сарай жакка иттин жанына жаткырышып, экөө кетип бара жатканда ага М.Х. ал күнөөнү моюнуна алса, атасынан көп акча алып берерин айткан, - деп көрсөтмө берген.

Өкүм:

Кара-Буура райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, 130 миң сом айып пул салып, 10 жылга эркинен ажыраткан.

Учурда айыпталуучу тарап арыз менен облустук сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
09.12.2021. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Ой боой,2021 январь айы келе элек го,бизде бүгүн декабрдын 9у 2021
09.12.2021. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
mirlanpiter,очур тууган урук коро электе уят
09.12.2021. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aksy.1989,Тууганыбыз жазып койуп дыр койгон окшойт.
09.12.2021. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirlanpiter, Сынчынын сыңар өтүгү майрык
09.12.2021. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mirlanpiter,Келерки январь ошондо 2021 болобу ия
10.12.2021. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Naku77,Мен атайын ошондой жаздым,тиги келинди сөз кылбасын деп себеби эч кимибиз ал жерде кандай окуя болгонун көргөн жокпуз...бир Кудай билет күнөөлүү болсо сот тарабынан жазасын алат
10.12.2021. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirlanpiter,охооо сен тоодон жаны туштунбу айды жылды билбей!
10.12.2021. 04:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mirlanpiter,Накта торпок экенсин!
11.12.2021. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dembele84, мейли эмне десең да сага боло берет,негизигиси бирөөнү кыйбат кылба,мен ал келинди тааныбайм ошондуктан бир ооз да жакшы же жаман сөз жазууга акым жок,силердин да !!!мен дайыма ыраматылык Чубак ажы Жалилов айткандай жашоону позитивдүү кароого аракет кылам
11.12.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тоодон түшүп келишим мүмкүн,кээде шаардын борборунан метро жок жерден эскалатордон көтөрүлүп чыга калуум да мүмкүн.. адамдын фантазиясы чеги жок
11.12.2021. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң өкүнүчтүүсү бир жаш үй бүлө бузулду, мамлекет чоң үй бүлө сыяктуу деп айтылат, чакан мамлекет жок болду балдары жетим болду кийин чоңойгондо кандай ойдо болушат өз ата энеси тууралуу...дин менен таза бактылуу жашоону үйрөнөлү туугандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: