super.kg logo

Жалал-Абадда кыз ала качкан 2 жигит камакка алынды

 

Жалал-Абадда кыз ала качкан 2 жигит камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"1994-жылы туулган С.М. жана 1995-жылы туулган Н.Р.га "никеге туруу максатында алып качуу" фактысы менен иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.

8-декабрь күнү саат 07:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө "102" кызматына Ж.М. аттуу жаран телефон чалып, Жалал-Абад шаарынан 3-4 чакты бала 19-20 жаштагы кызды ак түстөгү Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаага күч колдонуп салып, ала качып кетишкендигин билдирген. Аталган факты Жалал-Абад ШИИБинде маалыматтык каттоо журналына алынып алдын ала текшерүү башталган. Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө ала качылган кыздын аты-жөнү такталып, Базар-Коргон районунун тургуну 2004-жылы туулган Т.Р. экендиги аныкталган. Ал Жалал-Абад шаарынын жогорку окуу жайлардын биринде билим алып жаткандыгы такталган. Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө аны өзүнүн айылдашы 1994-жылы туулган С.М. өзүнүн шериктери менен ала качкандыгы аныкталып, тергөө кызматына камсыздалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
10.12.2021. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Өтө оор кылмыш жасаган Асыл Жеенбековду камактан чыгарып күчүңөр ушул жаш балдарга жеттиби.
10.12.2021. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Kolyaa,кечиримдүү бололу
10.12.2021. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Fernando_Torres,Акчалуулар миллиондорду уурдап оор кылмыш кылсада түрмөдө олтурбаганына ичиң күйөтда.
Жөнөкөй адамдар уй,кой уурдаса 4-5 жылдан бери олтурушат.

Айтайын дегеним закон баарына бирдей болуш керек демекчимин.
10.12.2021. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Kolyaa,Бул мал уурдаган жок адам уурдап атат. Адам менен малдын айырмасы барда ала качуу кылмыш мурдараак ойлонуш керек болчу.
10.12.2021. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
makskyzy, кыз уурдаса олтуройун деп уурдаган жок. Жакшы эле ниет менен уурдап жатат. Опузалап акча ондуробуз же сабайбыз деп адам уурдоо башка.

Кыз уурдоого тыю салган туура. Бирок катуу чара корулуусуно каршымын... Жээнбековго окшогондор 3-4 муунга чейин бир омур турмодо чириш керек болсо, булар 1 жыл отурбай бошотулуп жаткандан кийин.
11.12.2021. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makskyzy,Жазганымды жакшылап окуп,түшүнүп анан жооп жаз.Сен түшүнбөптүрсүн.Мен Асыл Жеенбеков менен Кыз ала качкан балдардын кылмышын салыштырып жатам.
11.12.2021. 03:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fernando_Torres,Кечиримдүү болуп атып ушул убака келдик 5 президентти кечирдик эч бири жоопко тартылган жок, 90 депутатыбыз кыргызстанды 90го бөлүп алышып баарын талкалап, сатып жок кылышты.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: