super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутатынын уулу Орусияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын катарына кирди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Узакбаевдин уулу Орусияга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине кирип калыптыр. Муну депутат (сүрөттө) өзү 15-ноябрда Бишкекте ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитети менен Орусиянын Мамдумасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш комитетинин биргелешкен жыйынында айтты.  

 

Узакбаевдин айтымында, уулу Орусияда ИИМдин академиясынын студенти.

 

“Ал тартип бузган жаран катары автоматташтырылган системге кирип калыптыр. Буга байланыштуу анын үлгүлүү студент экенине карабай окуудан айдоону каалашкан. Кийин кандайдыр бир себептер менен аталган тизмеге кирип калган”,- деген депутат Федералдык миграция кызматынын өкүлүнө кайрылып, автоматташтырылган системден катачылык кетиши мүмкүнбү деп сурады.  

 

Федералдык миграция кызматынын башчысынын орун басары Анатолий Фоменко депутаттын уулу кандайдыр бир тартип бузууга барып, бирок атасына айтпай коюшу мүмкүн экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: