Сокулуктагы кыздын зордукталышы: "Ый аралаш ыза". Шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан кантип көчүп кетти? (видео)
Сокулук районундагы 17 жаштагы кызды зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсү айылдан көчүп кеткенин SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундардын бири билдирген. Көп өтпөй эле порталыбызга шектүүнүн жакын тууганы үй-бүлө Бишкекке көчүп келгендигин айткан.
Ал ортодо зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп жаткандыгы тууралуу видео жарыяланды. Анда шектүүнүн үй-бүлөсү үйдөн көчүп жаткандыгы, милиция кызматкерлери үйдү кайтарып турганы тартылган.
7-декабрда айыл эли зордуктоого шектүү жарандын үй-бүлөсүнө 2 күн убакыт берип, айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан.
Буга чейин Чүй облусунун Сокулук районунда 17 жаштагы кызга кол көтөрүп, зордуктоого шектүү жаран кармалган.
Белгилүү болгондой, кыздын атасы Сокулук РИИБине арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 5-декабрь күнү эртең менен 2004-жылы туулган кызын белгисиз бирөө Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуну убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктап салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 154-берене ("зордуктоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сокулукта кыз зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү айылдан көчүп кетти









1 |