super.kg logo

Белектерге тез акча табуунун 7 ыкмасы

 

Жаңы жыл жакындап калды. Жакындарыңызды жагымдуу белектер менен кубандырууну ойлоп жатсаңыз, бирок каражатыңыз аз болсо, эмне кылууга болот?

Биз сиз үчүн бул акыбалдан чыгуунун 7 жолун сунуштайбыз:

1. Сатып түгөтүүнү уюштуруңуз. Үйүңүздө ыргытып жиберүүгө кол барбаган буюм-теримдер сөзсүз бар болсо керек. Аларды сатып түгөтүү менен сиз бөлмөңүздү гана бошотпостон акча дагы таап аласыз.

2. Автодогу жарнама. Автоунаалардын маркетингдик жазууларды көргөн чыгаарсыз? Сиз дагы өз автомобилиңиздин кузовун жарнама үчүн тегиздик катары ижарага берүү тууралуу жарыя берсеңиз болот.

3. Компаньон Банкындагы тез кредит. Жарым сааттын аралыгында 100 000 сомго чейин кредит алса болот! Ал гана эмес, учурда жаңы жылдык акция жүрүүдө: 31-декабрга чейин. Компаньон банкында төмөндөтүлгөн чендер жүрүп жатат. Эгер сизге белекке гана эмес, башка максаттар үчүн көбүрөөк каражат керек болсо жана убактыңыз кенен болсо, анда сиз 8,5 миллион сомго чейин (!!!) кредит ала аласыз. Көңүлгө алып коюңуз.

4. Хендмейдди сатуу. Сиз сонун токуйсузбу, балким, шам жасаганды билесиз? Сиз өз хоббиңизден каражат таба аласыз!

5. Копирайтинг, рерайтинг жана которуу. Өз оюңузду так жана даана жеткире билүү сиз үчүн киреше булагы болушу мүмкүн.

6. Турак жайды ижарага берүү. Airbnb өңдүү ижарага турак жай берүү боюнча сайттарда өз батириңизди каттап бир аз “жеңил” акча тапсаңыз болот. Ижараңыз бош эместе, дем алыш күндөрү досторуңуздукунда жашай турсаңыз болот.

7. Коучинг, репетитерлик кылуу. Кеңештерди акысыз бере бербей, аз-маз акча таап алыңыз. Эгер сиз кайсы бир жаатта көптү билсеңиз, башкаларды үйрөтүү менен киреше тапсаңыз болот.

Биз сизге ылайыктуу болгон өз ыкмаңызды табууну жана майрамды жакындардын жанында тосууну каалайбыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: