super.kg logo

Баткенде бейбаштыкка шектелген жарандар кармалды

 

Баткенде бейбаштыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан Техас кафесинин алдында ушул жылдын 17-январь күнү 24 жаштагы М.К. менен Э.Б.ны бейтааныш 4-5 бала уруп денелерине жараат келтирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кадамжай РИИБинин ыкчам кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнүн натыйжасында, кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.А. жана Алга айылынын 20 жаштагы Т.А. аттуу жарандар кармалып, кылмыш иши Кадамжай райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Ошондой эле бул ишке шектүү катары дагы 2 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: