super.kg logo

Чүй милициясы тоноого шектелген 3 жаранга издөө салат

 

Чүй милициясы тоноого шектелген 3 жаранга издөө салат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан институттардын биринин жактоочусу арыз менен кайрылып, үч белгисиз адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анда 2-ноябрь күнү саат 20:30 чамасында Кант шаарынын көчөлөрүнүн биринде институттун студенттери М.К. жана М.М. күч колдонуп, Samsung үлгүсүндө 2 уюлдук телефонун жана 12 миң 700 сом акчасын алып кетишкен. Аталган факты Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө катталган.

Кимде-ким сүрөттөгү жарандарды таанып, билген болсо төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышып коюуну милиция кызматкерлери суранат.

Байланыш телефону: 0701-02-25-28, 0557-17-75-85, 0706- 86-83-12, 0312 -61-69-07, 03132-5-21-47.

Издөөдөгү жарандардын белгилери:

Белгилери: Бою 173-177 сантиметр, арык денелүү, үстүндө кызыл түстөгү капюшону бар, «Nike» деген жазуусу бар күрмө, кара спорттук шым, бутунда кара түстөгү кроссовка.

Белгилери: Бою 165-167 сантиметр, орто дене түзүлүштө, үстүндө кара күрмө, көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү кроссовка.

Белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, үстүндө кызыл түстөгү күрмө капюшону менен, ачык көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү кроссовка.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: