super.kg logo

Газ деген жүйө менен Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө 960 тонна бензин алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

 

Газ конденсатын жамынып, Казакстандын Түркстан облусунан Кыргыз өлкөсүнө бензин экспорттоого аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Каржы мониторинги агенттигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазышты.

Билдирүүгө ылайык, Манкент темир жол бекетинде Казакстандан Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз ташылып бара жаткан АИ-92 маркасындагы 960 тонна бензин токтотулган.

"Тергөө учурунда күйүүчү-майлоочу майларды газ конденсатын жамынып, темир жол цистерналарында ташып келүү пландалганы аныкталган. Бензиндин жалпы суммасы 229 миллион теңгени түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

Башкармалык учурда тергөө иштери жүрүп жатканын белгиледи. Тергөөнүн кызыкчылыгында башка маалыматтар азырынча ачыкка чыкпай тургандыгы айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 12-ноябрда Казакстан кайрадан бензин жана дизель майын экспорттоого алты айга тыюу салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: