super.kg logo

Бишкекте аялынын бөйрөгүнө 4 жолу бычак сайган жаран: Аялы тосмо арыз жазды

 

Бишкекте аялына бычак менен кол салуу окуясы №1 шаардык клиникалык ооруканада болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери 8-декабрь күнү саат 08:00дө окуя болгон жерге барышып, шектүү кызганычтан улам бычак алып, аялынын санына бир нече жолу бычак сайганын, андан соң аял ооруканага жаткырылганын аныкташкан.

Бул боюнча экспертиза дайындалып, "бейбаштык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Шектүү тергөө үчүн Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген, бирок кийинчерээк иштин чоо-жайы такталгыча ал коё берилген. Жабырлануучу 9-декабрда милицияга арыз жазып, күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Бирок эртеси күнү жабырлануучудан күйөөсүнө коюлган дооматтардан баш тартуу боюнча каршы арыз түшкөн", - деп билдиришти Ленин РИИБден.

Кечээ, 10-декабрда Бишкектеги ооруканада иштеген аял күйөөсү тарабынан бычакталганын SUPER.KG порталына жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирген. Ал эми жабыркаган жаран милицияга бул окуяга байланыштуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган маалыматка эч кандай тиешеси жок экендигин билдирген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.12.2021. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Санына сайганбы же бойрогуно? Эки экообу эки башка окуябы?
11.12.2021. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бойроко сайган санына тийген болсо керек да
11.12.2021. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бок жегени тосмо арыз жазабы десең, кийинкисинде өлтүрө саят, ошону менен өзү жок болот да.
11.12.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жапаров атайы тосмо арыз деген балээни жойбой отурат да, кереги тиет деп......
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: