Өзгөндө 16 жаштагы Асемай Полотова 17 күндөн бери дайынсыз болууда



Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну Асемай Полотованы табууга көмөктөшүүнү суранат.
Ал 2021-жылдын 28-ноябрь күнү болжол менен саат 12:00 чамаларында Куршаб айылында жайгашкан Ы.Бектемиров атындагы орто мектебине кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 сантиметр, кара тору, дене түзүлүшү арык, кашы, көзү кара, чачы кара түстө.
Кийимдери: кара түстөгү күрмө, ак түстөгү көйнөк, кара галстук, кара түстөгү юбка, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Асемай Полотованы көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюнуздар: (03233) 5-06-36, 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mirlanpiter

12.12.2021. 10:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асемай карындашыбыз аман эсен табылып калсын,ата энесине сабыр..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.