super.kg logo

"Түркиянын жаранын уурдап, 3 миллион доллар талап кылган..". Кылмышка шектелип "Манас" аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы кармалды

 

Түркиянын жараны С.Д. аттуу чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион АКШ доллар акча каражатын талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бул иштин арасында ИИМдин кызматкерлери, Кыргыз жарандары жана чет элдик жарандар да бар. Уурдоонун уюштуруучусу А.Б. аттуу жаран аткаруучуларды таап, даярдык иштерин жүргүзгөн. Ал түркиялык ишкердин досу жана бизнес өнөктөшү экени аныкталган.

"Уурдалган Түрк жараны С.Д. Кыргыз Республикасына ушул жылдын 1-декабрында учуп келген. “Манас” аэропортунан аны документтерин текшеребиз деген шылтоо менен кармап, аэропорттун милиция бөлүмүнө алып келишкен. Андан соң тапанча менен коркутуп, бардык (акча, саат, телефон, ноутбук) баалуу буюмдарын алып, башына баштык кийгизип, менчик үйгө алып барып 5 күн кармашкан.

Андан соң уурдагандар (уюштуруучу) А.Б.нын катышуусунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө сатып алууну 400 миң долларга чейин түшүрүшүп, С.Д.ны коё беришип (жасалма түрдө) А.Б.ны барымта катары алып калышкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Азыркы учурда кылмышка шектүү катары Х.А.Д., А.Б., Ж.Б. жана “Манас” аэропортунун аба транспорт башкармалыгынын башчысы П.Т. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
11.12.2021. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аэропортто ушундай иш болсо анан кайдагы инвестор бизге келет
11.12.2021. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
А.М. К.О.Т Э.Ш деп жаза бербей ачык эле жазгыла чын болсо тергебей.
11.12.2021. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
А.Б В.Г Д.И деп тамганы аябай жаза бербейсинерби, кылмышкерлердин анонимдерин сактагандай ото эле адам укугун коргогон сайт боло бербей десен я спер-ифо?
12.12.2021. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ээй П. Т бир жакшына иш ордун бар экен эле го
12.12.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
С,м м,о,н,гчш деп чыканыгар аз болгонсун суротун бетин жаап койупсунар барибир тааныбаган дан кийин жапкан суроту ондон коро ешектин суротун койу чыгарсанар деле тушунмокпуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: