super.kg logo

Бишкекте пневмониядан каза тапкан улук лейтенант Бердибай Элакуновдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши өткөрүлдү

 

Бүгүн, 11-декабрда пневмониядан каза болгон милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакуновдун жаркын элесине арналган футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаранын ачылышында борбор калаадагы Ленин РИИБинин башчысы Бакытбек Нарчаев сөз сүйлөп, Бердибай Элакуновдун мекен алдында жасаган эрдиктерин эскерип, анын жубайы Мээрим Исаматовнага ыраазычылык билдирди.

Ал эми Мээрим Исаматовна өз сөзүндө милициянын бардык кызматкерлерине бул спорттук иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мындан тышкары мелдештин ачылышына Ленин РИИБинин башчысынын орун басары Талгат Өскөналиев, өз алдынча кызматтардын жана ички иштер башкармалыктарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана каза болгон Бердибай Элакуновдун уулдары катышты.

Турнирде Ички иштер башкармалыгынын бардык түзүмдөрүнөн командалар күч сынашты. Катышуучулар оюндун алдында каза болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесин бир мүнөттүк унчукпоо менен эскеришти.

Мелдештин жыйынтыгында "2-ШМБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары" командасы жеңүүчү аталды. Экинчи орунду "1-ШМБдин ыкчам криминалдык милиция кызматкерлери" командасы ээлесе, үчүнчү орунга Ленин районунун "1-ШМБдин милициянын участкалык уполномоченныйлары" командасы татыды.

Жеңүүчүлөргө Кубоктордон тышкары акчалай сыйлыктар дагы тапшырылды. Муну менен катар футбол мелдеши жыл сайын өткөрүлүп турары айтылды.






Бердибай Элакуновдун жаркын элесине арналган футбол мелдеши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
11.12.2021. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Курман болгон деп согушта өлгөндөрдү айтышат,сабатсыз кабарчы
11.12.2021. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улук лейтенант эмес ага лейтенант болот
12.12.2021. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Datka7777,Улук лейтенант деп эле айтылат.
13.12.2021. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Alixan-Nookat.2015, аны озундун создук лексиконуна кошуп кой да башкага айтпа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: