Таиландда аял кожоюнунан өч алуу үчүн мунай кампасын өрттөп салды
Таиландда 38 жаштагы кампа башчысы мунай жана химиялык заттар сакталган имаратты өрттөп жиберди. Ал өзүнүн кылыгын кожоюнунан өч алуу менен түшүндүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аялдын кожоюну жумушка байланыштуу аны катуу урушкан. Мындан улам ал мунай жана химиялык заттар сакталган жайга өрт койгон. Өрт мунай жана химиялык заттар сакталган мекемеге тез эле жайылып кеткен. Натыйжада абага өтө көп сандагы уулуу түтүн чыккан.
Өрт болгон жерде 40тан ашык куткаруучу техника иштеп жатат. Өрттөн келтирилген зыян 1 миллион 18 миң долларды түзгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
1:54
2025-07-02

21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.