super.kg logo
  Спорт  

UFC: "Зал толо эл ишенбей". Валентина Шевченкону эки ирет жеңген Аманда Нуньес сенсациялуу түрдө утулуп калды (видео)

 

Бүгүн, 12-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында "UFC 269" турнири өтүүдө.

Турнирде кыз-келиндер боюнча негизги беттеште бразилиялык Аманда Нуньес америкалык Жулиана Пеньяга сенсациялуу түрдө жеңилип калды.

Нуньес биринчи бөлүктө бир топ активдүү болуп, атаандашын нокдаун абалына туш кылган. Экинчи бөлүктө Пенья бир топ активдүү болуп, атаандашына арты-артынан сокку узатып, партер абалында Нуньести муунтуп утуп алууга жетишти. Анын жеңишине залда отурган адамдар тура калып кол чабышты.

Муну менен Жулиана Пенья UFC уюмунун курун тагынды.

Аманда Нуньес кыргыз мушкери Валентина Шевченконун элдешкис атаандашы. Эки мушкер айым эки жолу беттешкен. Биринчи беттеш 2016-жылы "UFC 196" турнирдин алкагында өтүп, анда 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Нуньес жеңип алган. Эки мушкер экинчи ирет 2017-жылы "UFC 215" турниринин алкагында кез келген. Анда Нуньес калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган.






Аманда Нуньес сенсациялуу түрдө утулду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.12.2021. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана видео?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: