super.kg logo

АКШда куюндун кесепетинен каза болгондордун саны 94кө жетти

 

АКШнын түндүк-чыгышында катталган тропикалык "Ида" бороонунун кесепетинен каза болгондордун саны 94кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, дайынсыз болгондордо издөө иштери улантылууда. Бороондун кесепетинен өзгөчө Кентукки штаты жабыркады. Аталган аймакта өзгөчө абал киргизилген.

Эске салсак, буга чейин "Ида" куюну күндөн-күнгө күчөп, саатына 215 чакырым ылдамдык менен Луизиана штатынын жээгине жакындап келе жатканы кабарланган.

"Ида" куюну АКШ аймагында 16 жылдан кийин кайталанган күчтүү куюндардын бири болду. Буга чейин 2005-жылы ушул эле аймакта "Катрина" куюну катталып, 2 миңге жакын адамдын өмүрүн алган.

Президент Садыр Жапаров Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденге Американын Кентукки жана коңшу штаттарындагы куюндан улам адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: