"Аалам сулуусу-2021" наамын индиялык 21 жаштагы бийкеч жеңип алды (фото)









"Аалам сулуусу-2021" эл аралык сулуулук сынагын индиялык Харнааз Сандху аттуу кыз жеңип алды.
"Жаңы "Аалам сулуусу" Индиянын өкүлү", - деп айтылат сынактын Twitter баракчасында.
Маалыматка ылайык, мелдештин финалы Израилде Кызыл деңиздин жээгинде өткөн. Сынакка дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн 80 кыз катышып, миңден ашуун көрүүчү келген. Аруба, Колумбия, Франция, Индия, Парагвай, Филиппин, Пуэрто-Рико, Түштүк Африка Республикасы, Багам аралдары жана АКШнын өкүлдөрү да финалдык ондукка кирди.
Жыйынтыгында "Аалам сулуусу" Индиянын өкүлү аталса, экинчи орунга Лалела Мсване (ТАР) жана үчүнчү орунга парагвайлык Надиа Ферейра ээ болду.
Жаңы "Аалам сулуусу" 21 жашта. Ал Индиянын Чандигарх шаарында жашайт жана модель болуп иштейт.
"Аалам сулуусу" сынагы биринчи жолу Израилде өттү. Финал дүйнөнүн 170тен ашуун өлкөсүндө түз эфирде көрсөтүлдү.


Бейишти жер бетине өзүбүз куралык. Бекер бейиш өлгөндөн кийин келет деп ойлосок, анда ушуну менен жер бетиндеги бейишти куруудан баш тартабыз, цивилизация өнүкпөйт бизде.
бирок чыныгы сулуулук дүйнө жүзүнө өз келбетин кийимсиз көрсөтүп жарыялоо да эмес.