Наркы 800 миң сом. Баткенде Өзбекстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Баткенде чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Вышка тилкесинен 1996-жылы туулган Кыргыз жараны Н.Ш. кармалган. Ал Өзбекстанга тиричилик буюмдарын, 22 куту чач жасалгалоочу аппаратты ташып өтүүгө аракет кылган.
Жүктүн баасы 800 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер катталгандан кийин кармалган жаран жана жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.