super.kg logo
  Саясат  

Финансы министри 2022-жылы тышкы карызды жабууга 26 миллиард сомдой каражат коротуларын айтты

 

Финансы министри Алмаз Бакетаев 2022-жылы тышкы карызды жабууга 26 миллиард сомдой каражат коротуларын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Бюджет жана финансы комитетинин кезектеги отурумунда “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында аталган мыйзам долбоору боюнча финансы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады.

Алсак республикалык бюджеттин кирешелери 2022-жылга мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 203,5 миллиард сом, ички дүң продукцияга карата 28,5 пайыз өлчөмүндө каралган. 2023-2024-жылдары республикалык бюджеттин кирешелери 215,7 миллиард сомду жана 231,7 миллиард сомду түзөт. 2022-2024-жылдарга кирешенин өсүү баскычы 117,7 пайызды, 106 пайызды жана 107,4 пайызды түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эсепке албаганда 212,6 миллиард сом же ички дүң продукциясына карата 29,8 пайыз өлчөмүндө эсептелүүдө. Ал эми 2023-2024-жылдарда республикалык бюджеттин чыгашалары финансылык активдерди эсепке албаганда 223,4 миллиард сомду түзөт. 2022-2024-жылдарга чыгашалардын өсүү темпи тиешелүүлүгүнө жараша 117,3 пайызды, 107,4 пайызды жана 100,2 пайыз болот.

Талкуу маалында депутат Осмон Турдумамбетов тышкы карызды жабууга жумшалуучу каражаттар тууралуу сурады.

Өз кезегинде финансы министри 2022-жылы тышкы карызды жабууга 26 миллиард сомдой каражат коротуларын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: