super.kg logo

Москвадагы ММА турниринде кыргыздар менен өзбектер массалык түрдө мушташып кетишти (видео)

 

Москвада өткөн аралаш уруш боюнча (ММА) WEF турниринин тандоо туру кыргыз жана өзбек күйөрмандардын массалык мушташы менен аяктады. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өзбекстандык Намазан Самиев аттуу мушкер тандоо турундагы жеңишинен соң каалаган атаандашы менен беттешүүгө даяр экендигин билдирген. Ага зал ичинен атаандаш табылып, турнирдин уюштуруучулары эки мушкерге көз караштар таймашын өткөрүүнү сунушташкан. Ал эми көз караштар таймашы учурунда Намазан Самиев атаандашын күтүүсүздөн тизеси менен башка тээп жиберген.

Анын эрежеге сыйбаган мындай аракетинен соң октагонго 50дөй адам чуркап кирип, өзбек мушкерине чабуул коюп сабап киришкен. Натыйжада октагондун ичинде массалык түрдө мушташ орун алганы кабарланды.

Александр Лютиков аттуу журналисттин айтымында, залдагы ызы-чууну күйөрмандардын бири токтотууга жетишкен. Ал мушташты токтотууга аракет кылып жүргөн адамдын "Өзбектер, кыргыздар, биз бир тууган элбиз. Эмне кылып жатасыңар? Бул деген спорт. Спортто мындай боло берет", - деп кыйкырып жүргөнүн билдирди.






Орусиядагы ММА турниринде өзбек жана кыргыз күйөрмандар арасында маасалык мушташ орун алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
14.12.2021. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Озбектер обу жок опкосу жок калк болот
14.12.2021. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эркекче түшкөндө түйрүп эле коймок экен тиги чыккан Кыргыз!!!
14.12.2021. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өпкөсү жок "с"лар, үзө койбоптур ошо опкөсүн. Мактантып эле койсо бүларды. Эми жалаң кыргыздарды камабаса эле болду, "с"лар пул берип чыгып кетишет, күнөөнүн баарын оодара салып.
14.12.2021. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Булар кыргызга ММА боюнча оздорун Тенбиз деп ойлойт окшойт дуйно рейтинде Кыргызстан 16 местодо Озбекстан 39 местодо
14.12.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар эр журок да озу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: