super.kg logo

Кара-Сууда чаламандын чак түшүндө куралдуу каракчылык кылган кылмыштуу топ кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылык кылып жүргөн кылмышка шектүү мурда соттолгон жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча жарандардан телефон аркылуу Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн.

Куралдуу тоноочулук учурунда Дэу-Лассети унаасы толугу менен күйүп кеткен. Арыз менен аталган райондун Савай айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 13-декбрь күнү саат 09:50 чамасында Мерседес-Бенц Спринтер унаасында отурган учурда бейтааныш эки жаран колундагы тапанчалары менен көкүрөгүнө такап унаасынан түшүрүп унаасын айдап качууга аракет кылышкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 20-25 жаштардагы адамдардын тобу ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөндүктөрү аныкталып кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн атуулдар аныкталган.

Алар: 32 жаштагы Ш.М. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну, адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо мурда эки жолу соттолгон.

48 жаштагы А.У. Ош шаарынын жашоочусу, мурда бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон.

46 жашта Р.Д. Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарынын жашоочусу мурда уурулук фактысы соттолгон.

Окуя болгон жерден жогорудагы кылмышка тиешеси бар курал-жарактар алынган. Бүгүнкү күндө окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
14.12.2021. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жигарлар кайра баш которуп баштаптыр го
14.12.2021. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо силер кайра кылмышкер адам олтургондорду жаап жашырбай Ш.М деп бетин жаппай атын толук жазып бетин ачып корсоткуло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: