super.kg logo

2-курста окуп жаткан пакистандык студенттин өлүмү. Милиция маркумду тепловоз сүзүп кеткенин айтты

 

Бишкекте Пакистандын жараны тепловоздун алдында калып каза болду. Кайгылуу окуя 11-декабрда Лев Толстой көчөсүндөгү темир жолдо катталганын Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жерине милиция кызматкерлери соттук медициналык эксперттер менен барышып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Андан кийин маркумдун сөөгү өлүкканага жөнөтүлгөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

"Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Р.М. аттуу Пакистандын жараны Кыргыз эл аралык университеттин алдындагы медициналык окуу жайда 2-курста билим алып жатканы белгилүү болду.

Окуянын күбөсү 11-декабрь күнү саат 14:00 чамасында жумуштан келе жатып бир бала темир жол менен басып келе жатканын көргөнүн айтат. Айтымында, тепловоздун келе жатканы угулган жана сигнал берилген. Бирок темир жолдогу бала үндөргө көңүл бурган эмес, кете берген. Анын кесепетинен баланы тепловоз сүзүп кеткенин белгиледи.

Пакистандык студенттин өлүмүнө байланыштуу айтылып жаткан версиялар чындыкка дал келбейт", - дешет милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
14.12.2021. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пактар, индустар сапсим сасык болушат экен блииин, жашаган общягаларына кайданда барып калдым(((.
14.12.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
BISHKEK-312,бул жерде жыттары жонундо соз болгон жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: