super.kg logo

"Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасаган". Чүйдө өспүрүм кыз жигити үйлөнүп алгандан кийин арыз жазды

 

Чүйдө жашы жете элек кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрь күнү Сокулук РИИБине Новопавловка айылынын жашоочусу 1984-жылы туулган А.Ж. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын май айына чейинки убакыт аралыгында анын 2006-жылы туулган кызын 1995-жылы туулган С.К. аттуу жаран зордуктаганын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

"Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу 2006-жылы туулган Б.А. мыйзамдуу өкүлү жана социалдык кызматкерлердин катышуусунда суралып, ал жогорудагы бала менен Инстаграм аркылуу таанышып, алар 6 ай сүйлөшүп жүрүшкөнүн айтып, ошол учурда жыныстык катнашта болушканын билдирген. Кийин бала башка кызга үйлөнүп алганда, болгон окуя тууралуу апасына билдиргени маалым болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында 1995-жылы туулган С.К. кармалган. Ал жогорудагы кыз менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айтып, алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
14.12.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ой блин 2006 лар уже буттубу
14.12.2021. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
2006-жылкы кыз уже кыздыгы жок жүрүбү? Эмне деген шумдук.
14.12.2021. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Камалсын. Жашы жетелек кызды бузгандыгы үчүн. Жоопкерчилик болуш керек да. Өзү 95жылкы болсо чоң эле жигит экен
15.12.2021. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimani,Ким билет ким бузуп ким кылганын
14.12.2021. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Только итеришем деп калыптыр да кызы деле баласы деле калышпай
14.12.2021. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Күнөө кызда
14.12.2021. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ak_Bulut,эмнеге кызда күнөө? Качан болсо эле кыздар, аялдар күнөлүү болуп эле эркек аппак боло берет? Эркектин жаратылышы ошондой деген жооп -жооп эмес! Эркек дагы адам! Өзүн өзү кармана алат. Мал эмес! 2006- жылкы кыз 15 жаштагы өспүрүм кыз. Жашы жете элек менен жыныстык катнашта болду деген закон менен соттолот! Эркек Кудай эмес! Мыйзам алдында баары бирдей! Эркектин дагы башында мээси бар, акылы бар! Калп эле мал боло бербегиле! Мыйзам астында адам, жаран катары жоопкерчилиги бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: