super.kg logo

Ноокенде Жалал-Абад электр” ААКсына 9 жарым миллион сом зыян келтирген деп шектелип кассир менен инженери кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Жалал-Абад электр” ААКсына жалпысынан 9 миллион 592 миң 894 сомдук зыян келтирген деген шек менен кассир жана инженери кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ноокен районунун мамлекеттик сектордогу абоненттерден Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын кассасына түшө турган акчадан, кассир менен ишкананын эсеп-кысап боюнча инженери К.А. өз ара сүйлөшүп алып, райондун мекеме-ишканалардан электр энергиясына болгон төлөмдөрүн 1-С программасы аркылуу “РСК Банктан” төгүлгөн деп жалган маалыматтарды көрсөтүп киргизип, банктан берилүүлүчү накталай төлөмгө берилген квитанцияларды жасалмалап, 2015-жылга 1 миллион 2016-жылга 2 миллион 935 миң 835, 2017-жылга 2 миллион 600 миң сом жана 2018-жылга 3 миллион акча каражаттарын өз кызыкчылыктарына ыйгарып алышкан.

Натыйжада “Жалал-Абад электр” ААКсына жалпысынан 9 миллион 592 миң 894 сомдук ири өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген. Аталган факты боюнча материал 2019-жылдын 30-январында Ноокен РИИБинде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2021-жылдын 13-декабрь күнү шектүү катары 1980-жылы туулган К.А. жана 1966-жылы туулган И.У. аттуу аял киши кармалган. Эртең алардын баш коргоо чарасын райондук сот карайт", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.12.2021. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай Арам тамактар бар экен Кыргызстан онолбойт олум жазасы кириш керек коррупцияга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: