super.kg logo

Бишкекте мас абалында кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалып, 7 протокол толтурулду

 

Бишкекте мас абалында кайгуул кызматкерлерине баш ийбей качкан айдоочу кармалып, ага карата 7 протокол толтурулду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрь күнү Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жаткан учурда болжол менен саат 02:50 чамасында Дэн Сяопин жана Патриса Лумумба көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Nissan Mistral унаасын токтотушкан.

Бирок айдоочу кызматкерлерге баш ийбей токтобой кетип калган. Качуу учурунда коомдук коопсуздукту бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жана коркунуч келтирген. Ыкчам аракеттин натыйжасында Nissan Mistral үлгүсүндөгү унаа Медеров жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинен кармалып айдоочу 1973-жылы туулган Р.К. экендиги аныкталган. Ал мас абалда болгон.

Бул факты боюнча айдоочуга жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн укук бузуулар тууралуу жалпы 7 протокол толтурулуп, унаа айып короого киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.12.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошмар пока биздин МАИ кызматкерлерибиз кармагыча, мас айдоочу давно уйуно жетип 80чи тушун корчудой болот го, шаардын тиги четинен токтобой койсо, бул четинен кармашканы кандай, ал убакыт аралыгында канча кырсык болуп кетмек. Оперативдик жок бизде
14.12.2021. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мас абалында кармалганда жети эмес жетимиш эле протокол тузгулочу,буларга ишенип канча адам тушот,такси ж,б.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: