super.kg logo

Жети-Өгүздө май куюучу жайды карактап кетишти. Шектүүнүн экөө кармалып бирөө изделүүдө

 

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда май куюучу жайдын кызматкерин карактап кеткенге шектелип 2 жаран кармалып, бирөөнө издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 14-декабрь күнү болжол менен саат 04:25 чамасында Жети-Өгүз РИИБине Саруу айылынын тургуну кайрылып, белгисиз үч бала ок атуучу курал менен коркутушуп, май куюучу жайдан акча каражатын карактап кеткендиги жөнүндө билдирген.

Билдирүү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобунун милиция кызматкерлери сурамжылоо иштерин жүргүзүп, 14-декабрь күнү болжол менен саат 03:30 чамасында белгисиз 3 бала ок атуучу курал менен май куюучу жайдын терезеси аркылуу кызматкерин коркутуп, акча талап кылышканын, оператор кассада болгону миң сом акча бар экенин айтканда, алар ошол акча каражатын алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин аныкташкан.

Көрүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Дархан айылынын тургундары 28 жаштагы Ш.Ж. жана 16 жаштагы Б.Б. кармалышкан. Үчүнчү шектүү болгон 26 жаштагы А.А.га издөө жарыяланды. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2021. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эмеспи килтейген жигиттер 1000 сомду 3 кө болсоңор 300 сомдон тийдиби. 300 сом үчүн жашоонорду талкалабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: