super.kg logo

Бразилияда мэр менен депутат жумуш учурундагы пикир келишпестикти ММА эрежесинде мушташып чечип алышты (видео)

 

Бразилиянын Борба шаарынын мэри Симау Пейшото менен өлкө парламентинин мурдагы депутаты Эринеу да Силва аралаш уруш боюнча (ММА) жекеме-жекеде беттешишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тараптардын мындай кадамга баруусуна шаардагы сейил бактын тагдыры боюнча талкууда жаралган пикир келишпестик себеп болгон.

Депутат аталган иш боюнча мэрди кескин сындап, дарыянын жээгиндеги сейил бакты сактап кала албай турганын билдирип чыккан. Ал эми мэр Симау Пейшото депутатты ММА эрежелерине ылайык жекеме-жекеге чакырып, тынчтык жолу менен чечилбеген ортодогу маселени октагондо гана чечерин жарыялаган.

Мэрдин мындай сунушуна көпчүлүк жакшы баа бербесе да, тараптардын беттеши шаардагы мектептердин биринин спорт залында уюштурулуп, түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. 3 раундга созулган беттеште калыстардын чечими менен мэр Симау Пейшото жеңишке жеткени кабарланды.






Бразилияда мэр менен депутат сейил бактын ишинен улам жаралган пикир келишпестикти рингде чечишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
Медиа-портал
15.12.2021. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарып койсонуздар видеолорду
15.12.2021. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде бул маданияттын кереги жок.Себеби билимдуу Адам арык болот , ал убакыттын билимге илимге жумшайт. А билимге жумшабаган адам физический кучтуу болот.Ошондо каша жашоо башталат.
16.12.2021. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таак, Ак Уйдун ичине спорт зал ачсамбы..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: