super.kg logo

Легендарлуу "Сениби, шашпа!" мультсериалы жаңы форматта жарык көрдү

 

"Сениби, шашпа! Каникулдар" аттуу жаңы анимациялык сериалдын бет ачары 17-декабрда Орусиянын бир катар шаарларында өтөт. "Союзмультфильм" киностудиясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, мультсериалдын бет ачары 17-декабрда болуп көрбөгөндөй форматта өтөт. Анын биринчи эпизоду Орусиянын көчөлөрүндө орнотулган санариптик экрандардан, соода борборлорунан көрсөтүлөт. Эксклюзивдүү сеанс эртең менен жана кечинде (Москва убактысы боюнча 08.30 жана 18.00дө) бир эле учурда бардык экрандарда башталат.

"Жаңы анимациялык сериалдын сюжетине ылайык, карышкыр мындан ары коёнду жеш үчүн куубайт. Мурдатан тааныш эпизоддук каармандардан тышкары - бегемот, чочко, мышык сыяктуу башка кичинекей каармандар менен толукталат. Ондогон жылдардан кийин легендарлуу каармандар экранга кайтып келип, заманбап балдарга өздөрүнүн кайталангыс юморлорун, ажарлуулугун жана тапкычтыгын тартуулашат. "Сениби, шашпа!" өткөн менен келечектин ортосундагы "көпүрө" жана бүт үй-бүлө менен экранга чогулууга эң сонун учур", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мультсериалдын интернет желесине качан чыгары белгиленген эмес.






Легандарлуу "Сениби, шашпа!" мультсериалы жаңы форматта жарык көрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.12.2021. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер сураныч орусча созду кыргызчага которбой эле койгулачы манниси бузулуп жатат создун, орусча атын тырмакчанын ичине жазсанар болот го.
15.12.2021. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кичинемде карышкырдын аты "нупогоди" деп ойлочу элем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: