Феттель сезондогу 8-жеңишин камсыздаса, Фернандо Алонсо мөөнөтүнөн мурда күмүш тагынды
Фернандо Алонсо
	
			
	
	
				Фернандо Алонсо
			
				Себастьян Феттель
			17-ноябрда автожарыштардын Формула-1 сериясы боюнча Дүйнө чемпиондугунун 18-жарышы АКШнын "Гран-Присинде" германиялык Себастьян Феттель ("Red Bull Racing") жеңүүчү аталды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, быйыл Формула-1дин 64-ирет өтүп жаткан сезонунда германиялык 8-жеңишине катары менен жетишти. Бул көрсөткүч менен Феттель белгилүү жарышчы Михаэль Шумахердин рекордун ашып түштү.
Бул жарыштагы 5-орунду ээлегенине карабай, “Ферраринин” курамында жарышка чыккан испаниялык Фернандо Алонсо мөөнөтүнөн мурда мелдеште 2-орунду камсыздай алды.
Эске салсак, Феттель октябрь айында Индиянын "Гран-Присин" утуп, мөөнөтүнөн мурда чемпион аталган.
Формула-1 боюнча сезондун акыркы жарышы 24-ноябрда Бразилиянын Гран-Приси үчүн болгон беттеш менен аяктайт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
				 22:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			
				 8:20
				 2025-10-31  
				 
				 
				 
				 
				 
				
				
				
				
			Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		Комментарийлер(0)
 
		Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
				
	
	
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














