super.kg logo

Кара-Сууда болгон карактоодо 114 миң доллар акча дайынсыз жоголуп изделүүдө

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда болгон карактоодо 114 миңден ашык доллар акча жоголуп, азыркы учурда издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайынсыз болуп жаткан акча Кытай жаранына таандык болгон.

"Акчаны Ош шаарынын тургуну башка кишиге жеткирип берүү үчүн алып бара жаткан. Анда ал жаран каракталып, 114 миң доллар дайынсыз болууда. Бирок ошол кылмышка шектүүлөрдү кармаган учурда алардын жанынан акча табылган эмес", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин 13-декабрь күнү саат 10:05 чамасында Кара-Суу шаарынын Нурахунов көчөсүндө куралдуу тоноочулук болуп жатканы боюнча жарандардан телефон аркылуу Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Куралдуу тоноочулук учурунда Дэу-Лассети унаасы толугу менен күйүп кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө 20-25 жаштардагы адамдардын тобу ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактап жүрүшкөндүктөрү аныкталып кылмыш иши козголуп тергөө амалдары башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн атуулдар аныкталган.

Алар: 32 жаштагы Ш.М. Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургуну, адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо мурда эки жолу соттолгон.

48 жаштагы А.У. Ош шаарынын жашоочусу, мурда бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон.

46 жашта Р.Д. Орусия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарынын жашоочусу мурда уурулук фактысы соттолгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
16.12.2021. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууруну каракчы тонойт болду го дейм.
16.12.2021. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максат акчаны тынчытыш керек болгонда!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: