Бир суткада 43 бейтап коронавирустан айыкты. Ооруканада дагы 313 адам дарыланууда
Акыркы суткада өлкөдө COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны 43 болду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашат.
Бишкек шаары – 22;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Баткен облусу – 2.
Коронавирус инфекциясы өлкөдө катталгандан тарта айыккандардын саны жалпы 179 166га жетти.
Ал эми өлкөнүн медициналык жайларында бүгүнкү күнгө карата 313 бейтап коронавируска каршы дарылануусун улантып жатса, ал эми амбулатордук дарыланууда 351 бейтап бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.