Жакында! Күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу өтөт
2022-жылдын январь айында Кабаа уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында күрөштүн эркин жана грек-рим түрлөрү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын маалымат кызматынан билдиришти.Өлкөнүн эркин күрөш боюнча мыкты балбандарын аныктаган мелдеш 12-14-январь күндөрү болот. Анда 10 салмак категориясы боюнча чемпиондор аныкталмакчы.
12-январда чүчү кулак тартылып, 13-январда 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмактагы балбандар килемге чыгышат. Ал эми 14-январда 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмак категориясындагылар ат салышат.
Ал эми 15-16-январда грек-рим күрөшүнүн балбандары ат салышат.
14-январь күнү чүчү кулак тартылып, 15-январда 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмактагы балбандар таймашат. Ал эми 16-январда 60, 67, 77, 87 жана эң оор 130 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт.
Айта кетсек, мелдештин жыйынтыгы менен Азия жана дүйнө чемпиондугуна бара турган улуттук команда куралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















