Бишкектин Ак-Өргө конушунда абанын булганышы нормасынан дээрлик 6 эсе жогору болууда
Бүгүн, 16-декабрь саат 11:00гө карата Бишкектин Ак-Өргө конушунда абанын булгануу деңгээли нормадан дээрлик 6 эсе жогору болууда. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Ак-Өргө конушунда учурдагы көрсөткүч - 130 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 96).
Ленин районунун аймагында – 132 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 130).
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.