super.kg logo
  Саясат  

Жылдызкан Жолдошова: "Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов жакында Москвага качат"

 
"Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов коррупциялык схемаларды түзүп жатат. Жакында ал Москвага качып кетет, анан Акаевди баккандай аны да багып жүрө беребиз". Мындай билдирүүнү 6-декабрда депутат Жылдызкан Жолдошова ЖКнын жыйынында билдирди. Депутат ошондой эле бюджеттик кыскартууларды сынга алды. "Бюджетти кыскартуу - бул эң оңой нерсе, муну мектеп окуучусу деле жасай алат. Биз бюджетти толтурууну ойлонушубуз керек. Айрым өлкөлөр кызмат көрсөтүүдөн бюджетинин 90 пайызын толтуруп алат. Кечээ түндө чет өлкөдөн келе жатып "Ганси" базасындагы учактарды көрдүм. Мен ал жерде 5-6 учак бар го деп ойлогом, 40тай учак иштеп жатыптыр. Ар бир учакта 400дөн аскери бар экен. Алардын эмне кылып жатканын эч ким билбейт",- деди Жолдошова.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: