super.kg logo

Бишкек-Торугарт жолундагы автокырсыктан жаракат алган 2 адам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат

 

17-ноябрда Бишкек-Торугарт унаа жолундагы автокырсыктан жалпы 21 адам жаракат алды. Алардын ичинен 8 адамдын жарааты жеңил болгондуктан жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда Super.kg порталына Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

 

"4 адамдын жарааты жеңил болгондуктан Кемин районундагы ооруканага жаткырылды. Ал эми калган 9 жабырлануучу Бишкектеги Травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алынып келинди. Жабырлануучулардын экөөсүнүн абалы оор болгондуктан, алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бирөөсүн кош бойлуулугуна байланыштуу борбордогу №6-төрөт үйүнө котордук. Калган жабырлануучулар алган жарааты боюнча бөлүмдөргө жайгаштырылып жатат”, -дейт министрликтин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов.  

 

Эскерте кетсек, 17-ноябрда аталган унаа жолунда Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобус менен оң рулдуу Хонда Аккорд унаасы сүзүшкөн. 8 адам каза тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.11.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Боёкчу боёкчу десе, сакалын кошо боёптур" дегендей, мамтилге которобуз десе эле, которула турганын да, которулбай турганын да которушат. Айрым терминдерди которууга мүмкүн эмес. Мисалы, "реанимация" терминин, ал элге сиңип кеткен эл аралык термин, "автосервис" сыяктуу эле. "Жандандыруу бөлүмү" - абсурд.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: