Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
Баткен облусунда Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандары Баткен районунун Көчө-Бою аймагында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерге Тажикстандын Чек ара аскерлеринин чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Кайым айтышуу болуп, Тажик тарап 4 жолу асманга ок чыгарышкан. Мындан улам эки өлкөнүн өкүлдөрү жолугушуу өткөрүштү. Тажик тарап курал колдонууну мыйзамсыз деп тааныды, анткени кыргыздар чек арага жакын жерде эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан. Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскер кызматкерлерине чара көрүлө турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-11

18:31
2025-08-11

Рейтинг:
0

Кыйратам деген бири кызматка киришкенден бери жабыркаган жак только кыргыздар болууда.