Кочкор райондук ооруканасында өрт чыкты. Өрттүн себеби белгилүү болду
Нарын облусунун Кочкор районунда ооруканадан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен өрт кечээ, 16-декабрда чыкканын маалымдады.
Белгилүү болгондой, өрттүн кесепетинен имараттын ичинде жайгашкан бөлмөнүн 15 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан дешет министрликтен.
Өрттү өчүүрүүгө 1 бөлүм тартылып, өрт саат 9:43төр чамасында толугу менен өчүрүлдү.Такталган маалыматтар боюнча, азыркы учурда жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.