Тогуз коргоол боюнча Кыргызстан курама командасы Азиянын Ачык чемпиондугуна катышууда
Кечээ, 17-ноябрда Казакстандын Павлодар шаарында Азиянын Ачык чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2-ирет өтүп жаткан тогуз коргоол боюнча Азиянын Ачык чемпиондугу 23-ноябрга чейин созулат. Мелдеш чоңдор, жаштар жана өспүрүмдөр арасында өтүүдө.
Мелдешке Кыргызстандан 36 спортчу аттанган (жогоруда аталган 3 категориянын ар биринде 12ден катышуучу жолдомо алган).
Азиянын 2-ирет өтүп жаткан Ачык чемпиондугуна Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Монголия, Кытай, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан жана Азербайжан мамлекеттеринен 105 спортчу катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Mechta.kg

18.11.2013. 16:11
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тогуз коргоолду башка мамлекеттер ойнойт экен да э.Мен ойлопмун кыргыздар гана ойнойт деп.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.