Умар, Райана ысымдары позициясын жоготту. 2021-жылы популярдуу болгон ысымдардын рейтинги
Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылга карата популярдуу болгон ысымдардын рейтингин жарыялады. Ага ылайык, эркек балдар арасында көп коюлган он ысымдын катарына: Мухаммад, Умар, Али, Амир, Билал, Алихан, Алинур, Нурислам, Эмир жана Усман кирет. Кыздар арасында: Салиха, Амина, Фатима, Айлин, Алия, Хадича, Аруузат, Сафия жана Арууке.
Буга чейинки эң кеңири тараган Умар жана Райана ысымдары өз позициясын жоготту. Бул ысымдар акыркы 5-6 жыл катары менен жаңы төрөлгөн ымыркайлар арасында эң популярдуу ысымдар болуп келген.
"Эркек балалуу болгон ата-энелердин ичинен 4537си Мухаммад деген ысымды коюшкан, бул Умардан (4132) 405ке көп. Ал эми Салиха аттуу кыздар Раянадан (2864) 243кө көп", - дешет министрликтен.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-06-14
Рейтинг:
2

Эмнеге анда ислам динин тааныбаган толтура толтура башка элдер жоголуп кеткен жок? Кичине мээни иштетип жазчы, дооруй бербей.
Иса
Идрис деп койгонмун балдарымды
КУДАЙдын бар экенин таанып, Пайгамбарлардын Урматына Балдарыбызга Ат коюп келебиз.
Менин да Иним Уулуна МУХАММАД ысымын ыйгарган))))
Бирок мындан ары урпактарынар жети атасын Мухаммад, Али, Умар, Билал, Амир, Арафат, Усман деп санап берсе, сен кыргызсынбы деп тан калууга туура келет. Же калппы?
Кимдин уулусун десе Мамбеттин же Осмондун дейт. Оо кыргызсынбы деп айтканга жакшы. Мухаммаддын уулусмун, Билалдын же Арафаттын уулумун дегенден коро.
Ислам динине шек келтирген эч ким жок, бирок динге шылтап арабдашуу процесси журо баштаганын кантип танабыз. Оз каада-салт, кийим-кече, ысымдарыбыздан баш тартып жатабыз.