Социалдык тармактын колдонуучусу тыюу салынган экстремисттик материалдарды интернетке жарыялаганга шектелип кармалды
Социалдык тармактын колдонуучусу интернетке өлкө аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашын чагылдырган материалдарды жарыялаганы аныкталды. Бул факты Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталып, жарыяланган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалганы Чүй ОИИББинин маалымат кызматы тарабынан маалым болду.
"Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында республиканын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз карашын билдирген материалдарды жарыялаганы аныкталды. Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде ал тыюу салынган Хизбут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталды.
Маалыматты жайылткан интернет колдонуучу 1971-жылы туулган Ш.Л. экени аныкталып, Талас облусунан кармалган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - дешет башкармалыктан.



1 |