super.kg logo

Бишкек. Түн ичинде айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, 51 жаштагы жумушчу каза болду

 

Бишкекте мас айдоочу "Тазалыктын" кызматкерин сүзүп, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Окуя бүгүн, 18-декабрга караган түнү саат 01:20 чамасында Масалиев көчөсүндө катталды.

"1976-жылы туулган Т.Н. Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып 1960-жылы туулган Т.Ш. аттуу жаранды сүзүп алган. Жабырлануучу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкери, ал алган жаракатынан улам каза болду. Айдоочунун мас экени наркологиялык борбордон аныкталды. Унаа айып короосуна токтотулду, тиешелүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - дешти кайгуул кызматынан.

Белгилей кетсек, өткөн аптада "Тазалыктын" жумушчусу айдоочунун колунан каза болгон. Тагыраагы, 12-декабрда эртең менен саат 06:45 чамасында Жибек Жолу жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде катталган. Анда Mazda унаасынын айдоочусу жолдогу "Тазалык" ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Жаракат алган жаран ооруканага жетпей каза болгон.

Кылмышка шектелип Mazda унаасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалганын милициянын кайгуул кызматынан маалымдашкан. Бишкек шаардык мэриясы маркумдун үй-бүлөсүнө мэриянын фондунан 50 миң сом жардам берилерин, андан тышкары Эмгек кодексине ылайык тиешелүү кенемте төлөнөрүн калаа башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.12.2021. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мас болуп айдагандарга жазаны күчөтүү керек. Бул эмне эми жумасына бирден адамды өлтүрө сүзүп атышат. Ыйманы саламат болсун.60 жылы туулган болсо 51 эмес 61 жашта болот.
18.12.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aimani,калькулятор колдонбой чыгарып койгон окшойт
18.12.2021. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арак жакшы жолго алып барбайт! Коп айтам Кыргызстанда аракты азайтуу керек! Кыргызды душмандар эмес ушул арам арак эле кырып салчудай болду!
18.12.2021. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уважаемые водители! Соблюдайте ПДД
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: