Дүйнөлүк банк билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар бөлүп берет
Билим
берүү жана илим министри Канат
Садыков министрликтин 9 ай ичинде аткарган ишин жыйынтыктап маалымат жыйын берди.
Анда министр: “Дүйнөлүк
банк билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар бөлүп
берет”,- деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Билим берүү тармагындагы реформа туруктуу мүнөздө жүрөрүн жана
бул багытта иш пландар бекитилгенин кошумчалап: "Быйыл Европа биримдигинен бизге чоң суммадагы акча каражаты грант катары берилет. Учурда анын 3 миллион евросу бюджетке келип түштү.
Дүйнөлүк банк тарабынан 16,5 миллион доллар жардам катары сунушталган. Аталган
каражатты 2014-жылы алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди Садыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

