super.kg logo
  Саясат  

Президент Жалал-Абад облусундагы 2 күндүк иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке келди

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров 18-19-декабрда эки күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду. Бүгүн, 19-декабрда президент иш сапарын жыйынтыктап, Бишкекке кайтып келди.

Жумушчу сапардын алкагында Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Андан ары "Кыргыз Петролеум Компани" заводунда болду.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Садыр Жапаров облустук клиникалык ооруканага барып, Жалал-Абад облусундагы медицинанын абалы менен таанышты. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Көк-Арт ашуусу аркылуу өтүүчү тоннелдин курулушунун жүрүшүн көрүп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине альтернативдик жолду куруу долбоорунун бардык заманбап стандарттарга жана эл аралык талаптарга жооп бере тургандай кылып аткарылышын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Мындан сырткары ал Сузак районунун тургундары менен жолугушуп, анда жергиликтүү тургундар районду таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду жана мектептерди куруу боюнча бир катар көйгөйлөрүн ортого салышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: